Ажайып нерсе жөнүндө жазылган ажайып чыгарма
Силердин колуңарга таланттуу жазуучуларынын бири – Замирбек Өсөровдун жаңы китеби тийип турат. Буга чейин бул автордун уч китеби жарык көргөн. «Элинор Ригби» аттуу фантастикалык повесть кыргыз жана орус тилдеринде 1992-жылы Ош мамлекеттик басмаканасында басылган жана быйыл ошол эле жерден «Аргасыз бизнес» аттуу сатирико-фантастикалык пьеса тираждалды. Бул жаңы китебинде да Замир-иним журналист жана фантаст катары өзүнүн буга чейин ачылбаган сырларын бизге тартуулап жатат. Китеп эки бири бирине тыгыз байланышкан бөлүктөн турат. Биринчисин ЭЖИАД соопчулук фондунун демилгеси менен алыскы тоолуу аймакта алгачкы уюштурулган Ноокат мектеп-лицей билимканасы жөнүндө журналисттик изилдөө, очерк түзсө, экинчи жарымы фантастикалык новеллага берилген. Эки чыгарма тең азыр биздин көзүбүздө болуп жаткан педогикалык реформанын, анын келечек үчүн өтө зарылдыгынан от алып, жалындап пайда болууда.– Ноокат билимканасы бул сонку кылымдын кыргыз мектеби, —дейт бул китептин автору. – Эгерде өлкөбүздө, алыскы тоолуу аймактарда, ушул сыяктуу 40 мектеп-лицейлер пайда болсо, анда тарыхый кыска мөөнөттө эле, 10—15 жылдан кийин, өлкөбүз аябай зор жетишкендиктерге ээ болушу мүмкүн. Ал эми 100—200 жыл өткен соң Кыргызстандагы эң алыскы тоолу айыл-кыштагы жазуучунун экинчи бөлүгүндө кеңири чагылдырылган келечектин зор, ажайып шаарына айлануусу ыктымал. Кыскасы, биринчи бөлүгүндө мектеп-лицей жөнүндө кеңири сөз болсо, экинчисинде анын келерки кылым үчүн зор мааниси жана таасири көркөм, фантастика түрүндө чагылдырылып, уникалдуу китеп жаралды десе болот. Ажайып нерсе жөнүндө ажайып жазылган чыгарма менен жазучууну да, жаңы типтеги кыргыз мектептерди уюштурган ЭЖИАД Фондунун кызматкерлерин да – китептин негизги каармандарын куттуктап, аларга келечекте албан ийгиликтерди каалаймын чын жүрөктөн,
Даир Асанов,
Улуу Ата-Мекендик согуштун Баатыры, генерал-майор.
(бул комментарий китептин биринчи басылып чыгышына, 1995-ж. Бишкек ш., жазылган)
«Адамзат канткенде оңолот?» —
деген суроого жооп берген китеп
Автор азыркы күндө ар бирибиз үчүн өзгөчө маанилүү болгон билим жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү жана адам баласын дайыма түйшөлтүп келген, «адамзаты канткенде оңолот?» – деген маселенин канчалык деңгээлде маанилүү экенин белгилейт.
Китептин биринчи бөлүгүндө Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» мектеп-лицейи тууралуу, билим алган окуучуларга коюлган талаптар ошондой эле окуучулар үчүн түзүлгөн эң сонун шарттар жөнүндө маалыматтар жазылган. Бул мектеп-лицейинин окуучуларынын жетишкендиктери, олимпиадаларда дайыма жеңиштерге ээ болуп, каалаган жогорку окуу жайларга өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгондорун окуган адам сүйүнөт. Окуучулардын ушундай жакшы жетишкендиктерге ээ болуусуна албетте, мыкты мугалимдердин салымынын зор экендиги талашсыз. Мындай оор түйшүктү мойнуна алып, жыйынтыгына көзү жеткен жаш илимпоздор менен педагогдор бул ийгиликке жетишүү үчүн эчендеген кыйынчылыктардан өтүштү.
Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев шакирттеринен «Ноокат билимканасы» тибиндеги 40 мектеп-лицейлерди Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында уюштуруп берүүлөрүн талап кылууда. «Ар-бир райондо жок дегенде бирден лицей сөссүз болушу керек, антпесек таланттарыбыз өсүп-өрчүбөй жок боло берет» —дейт илимпоз. Азрет-Алий Боташевдин келечекти көрө билген стратегиясын жакынкы Өзбекстан жана Казахстандын кээ бир райондору дагы колдоп, өздөрү дагы иш жүзүнө ашырып башташкан.
Албетте, ЭЖИАДдын алдыга койгон максаттары мактоого татырлык. Лицейдеги тоолуу аймактардан келген окуучуларга англис тилин мыкты үйрөтүп, кыргыз элинин маданиятын, үрп-адаттарын да биргеликте окутуусу жакшы көрүнүш.
Лицейдин алгачкы директору Саадат Сатарованы мыкты педагог, уюштуруучу катары гана билбестен, окуучуларга жасаган жылуу-жумшак мамилеси, таланттуу окуучуларды колдоп, туура жолго багыттаган өзгөчө сапатка ээ, окуучулардын талантын ача билген көрөгөч даанышман катары да билсе болот. Саадат Сатарова лицейге келгенден сегиз ай өтпөй лицейде окуган окуучулардын 70% (8 класстан тартып 11 класска чейин) англис тилинде эркин сүйлөп калышы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Бул лицейде иштеген ар бир мугалимдин таланттуу, өз ишин мыкты билген адис экендигинде шек жок. Замандын талабына ылайык, окуучулардын логикалык көз караштарын өөрчүтүү максатында, кээ бир предметтердин айкалыштырып окутулушу мактоого татырлык.
Материалдык базанын төмөндүгү, жатакана, имарат, окуу корпустарынын талапка ылайык келбегени сыяктуу көйгөйлөр келечекте чечиле турган маселелердин бири болуш керек.
Келечекте Кыргызстандын тоолуу аймактарына 40 мектеп-лицейи ачылса, республикабыз жылына 600дөй дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адистерге ээ болот экен.
Лицейдин дагы бир өзгөчөлүгү, окуучулардын кандайдыр бир өнөрүнө, шыгына, жөндөмүнө жараша окутуу. Таланттарды издеп табуу. Келечекте сапаттуу адистерди жаратуу.
Өмүрзак Мамаюсуповдун айтуусунда, бул лицейлердин Кыргызстан боюнча системасын уюштуруп, төрт негизги максатын белгилейт. Алар: балдарды тарбиялоо, дүйнөлүк деңгээлдеги кадрларды даярдоо, элдин биримдиги жана башка өлкөлөрдө жашаган улутташтар менен байланыштарды түзүү.